Франция курамасынын футболчусу Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда утуп алган алтын медалын сатты

2018-жылы Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда Франция курамасы менен чемпион аталып, алтын медаль уткан футболчу медалын аукционго коюп сатып ийди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, футболчу медалын 66 миң еврого саткан. Анын аты айтылган эмес. Мындан тышкары бул аукциондо 1994 жана 2002-жылдары өткөн футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун алтын медалдары 44 жана 46 миң еврого сатылган. Бул эки дүйнө чемпиондугун тең Бразилия курамасы утуп алган.

Эске салсак, 2018-жылы футбол боюнча дүйнө чемпиондугу Орусиянын 11 шаарындагы стадиондордо өткөн. Анда финалга Франция курамасы менен Хорватия курамасы чыгып, 4:2 эсебине франциялыктардын жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
0001KG
2020-05-24 21:09:05
Сатыш керекта акча керек болсо, итак эле тарыхта медалсыз деле чемпион болуп кала берет.
+7
Tyty1990
2020-05-25 09:21:14
Канте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан