2020-жылдын биринчи кварталына карата мигранттар өлкөгө которгон акчасы 19 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Ага ылайык, май айына чейин физикалык жактардан которулган каражаттын суммасы 343 миллион долларды түзгөн. Улуттук банктын төрагасы мындай көрүнүш калктын керектөөсүнүн өсүшүн жайлата турганын белгиледи.