Ысык-Көл облусунда үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын бири 1994-жылы туулган Соль-Илецктен келген. 19-майда үй карантинге алынган. Ал 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.
Экинчиси 1993-жылы туулган, Москвадан келген жана ал 22-майда үй карантинине алынган. Анын 24-26-май күндөрү Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөнү аныкталган.
Үчүнчүсү 1995-жылы туулган, Санкт-Петербургдан келген жана ал 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.
Учурда үй карантинин бузган бардык жарандар обсервацияга алынганы маалымдалды.