Москва шаарынын мэри Сергей Собянин шаардагы карантин режимин 14-июнга чейин узартты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Бирок мэр 1-июндан тартып эрежелерге өзгөртүүлөр кирерин билдирген. Маселен, аталган шаарда 1-июндан баштап автосалондор, кийим-кечек, үй-тиричилик буюмдары сатылган дүкөндөр иштей баштайт. Мындан тышкары шаардын жашоочуларына көчөгө сейилдөөгө уруксат берилет. Анткен менен Собянин социалдык аралыкты сактоо жана объектилерди тынымсыз дезинфекциялап туруу башкы талап экенин билдирген.
"Сатуучулар да, кардарлар да бет кап, кол кап кийиши керек" деген ал.
Июнь айынын башталышы менен бут кийим оңдогон жайлар, химиялык тазалоо өңдүү кызматтар да ишин жандантат. Шаарда мурда дем алыш сайын өткөн жарманкелер да кайра ишин улантат. Сейил бактар ачылат, велосипеддерди ижарага берип иштегендерге уруксат болот.
"Мэр шаар ичинде сейилдөөгө уруксат берди, бирок анын белгиленген убактысы бар" деп жазылат маалыматта. Азырынча анын убактылары белгисиз. Бирок Собянин президент Владимир Путин менен жолугушканда элди сейилдөөгө кезек-кезеги менен чыгарса боло тургандыгын айткан. "Үйлөргө карата сейилдөөчүлөрдүн кезегин түзсөк болот. Антпесе бардык жашоочулар бир учурда чыгып, оорунун жайылышын шарттайт", - деген ал.