Спикер жарандарды республикалык штабдын жана дарыгерлердин сунуштарын угууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өндүрүш ишканалары пандемия маалында өз кызматкерлеринин коопсуздугуна көңүл бурушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Төрага коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөш жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок Кыргыз өлкөсү да, дүйнө да илдетти жеңе электигин кошумчалады. Жумабеков жарандарды өкмөттүн, республикалык штабдын жана дарыгерлердин сунуштарын угууга чакырды.

"Бүгүнкү күндө ишканалар, базарлар, соода борборлору иштеп жатат. Бирок илдет чыкканга чейинки абалда иштөөнү улантсак, катачылыкка жол беребиз. Андыктан бардык коопсуздук чараларын сакташыбыз керек. Көрсөтүлгөн эреже - талаптарды аткарышыбыз шарт. Ошондо оору менен күрөшүү жеңил болот", - деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан