Мектеп бүтүрүүчүсү: "Эркекче айтканда, ыйладым. Айла жок, ушинтип окууну аяктап жатабыз"

Акыркы коңгуроо мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жашоосунда бир гана жолу өтүүчү майрам. Ар бирибиз бул күнү өзүбүздүн мектепти аяктап, чоң жашоого кадам таштаганыбызды эстейбиз. Мектеп менен коштошууда бүтүрүүчүлөр толкунданышып, көзүнө жаш алышат. Бул жылы акыркы коңгуроо өзгөчө кагылды. Коронавирус илдетине байланыштуу аталган иш-чара онлайн режиминде өттү.

Быйылкы өзгөчө бүтүрүү кечесин бүтүрүүчү кандай майрамдап жатканын билүү үчүн SUPER.KG порталы Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебин бүтүрүп жаткан Асхат Ишенаалы уулунун сезимдери менен бөлүштү.

Акыркы бир аптадан бери кызыктай болуп жүрөм деген Асхат бүгүнкү маанайын төмөнкүчө баяндап берди.

"Өлкөгө коронавирус илдети келди дегенде окууну онлайн түрүндө бүтүрүп калабыз деп түк ойлогон эмеспиз. Андан кийин эле карантин башталды. Анда деле үмүт өчкөн жок. Экинчи жолу карантин узартылганда анан шектенүү жаралды. Классташтарым дагы ошондо ойлоно башташты. Ошондон кийин маанай түштү. Айла жок, ошентип, окууну бүтүрүп жатабыз. Эстеген сайын ачуум келип жатат.

Бүгүн болсо бизде онлайн бүтүрүү кечеси өтмөк, бирок кандайдыр себеп менен биздин мектеп жетекчилиги WhatsApp аркылуу куттукташты. Эркекче айтайынбы, ыйладым. Ушунча жылдан бери өтүп келген бүтүрүү кечеси ушундай болуп калганына ыйладым. Ал гана эмес, онлайн кечеге эч кимибиз ак көйнөк кийип даярданган да жокпуз. Шаңы жок да аны кийгенде. Анын үстүнө классташтар дагы жолуга элекпиз, азыр телефонумду да карай элекмин. Анткени ал жакта дагы бир канча классташым көз жашын төксө керек.

Биз негизи жылдын башында эле башкача пландарды түзгөнбүз. Албетте, анда Жалпы республикалык тестирлөөгө чогуу даярдануу биринчи максатыбыз болчу. Ал үчүн кышында дагы Бишкекке келип окуп кеттик. Андан соң мамлекеттик сынактарды жакшы баага тапшырып, уябыздан татыктуу учсак дедик эле. Эми бүтүндөй дүйнө баш ийген илдетке биз кантип баш ийбей коймок элек. Андыктан, жалпы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап кетет элем. Көп деле маанайды түшүрө бербейли, алдыда көп жакшы күндөр бар. Баарыңарга ийгилик", - деди бүтүрүүчү.

Асхат котормочу болууну максат кылат. ЖРТдан жакшы балл алып, борбордогу окуу жайлардын бирине тапшырам деген изги тилеги бар экенин да кошумчалай кетти.

Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебин быйыл 6 кыз 8 бала бүтүрүп жатышат. Класс жетекчиси Айнура Мамбетсадыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nur777
2020-05-30 14:58:37
Силер эмес мектепти бир канча жыл мурун буткон биздин ичибиз ачышып жатат((((((
Кайгырбагыла,негизи жашоодо мындан да маанилуу кундор коп болот,буюрса окууга отосунор,диплом аласынар,уйлонгон кун,балалуу болгон кун,деги койчу ар бир жакшылыгынарды мандай жарыла кубана турган кундор али алдыда иним!))
Мен ойлойм,вирус азайып карантин бутойун деп калганда баардыгынар,олко боюнча бутуруучулор бир кунду белгилеп алып Акыркы конгуроо уюштуруп койсонор болот))
+5
Nur777
2020-05-30 15:00:23
Мейли даже сентябрь болсун,келип коштошуп кеткиле да агай-эжей,кичинекей бобоктор менен,мектеп менен...Всё в ваших руках)))
Ийгилик жана жакшы маанай каалайм)
+5
erlan2196
2020-05-30 15:38:53
Билим гана керек. Кыздарыбыз билимдуу болушсун.
+1
Bekish-
2020-05-30 20:56:45
Мен акыркы коңгуроо күнү причёскамды аябай жаман тегиздетип алгамын
0
turaliev
2020-05-30 22:25:02
Обу жоктонбогулачы бизде деле 2010 вообще выпускной болгон эмес. Уруксат бербей койушкан.Олбой эле жашап журобузго
+3
Aikaaaa
2020-05-31 00:17:47
turaliev,эмнеге антти эле?
-3
turaliev
2020-05-31 10:31:46
Aikaaaa, Интернетке Ош 2010 деп жазсан билесин.
+1
bazar
2020-05-31 13:10:28
Aikaaaa,өзбеквирус козголгон ал жылы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан