Ысык-Көлдө 36 жаштагы адамдын кулактарын кесип салышкан. Жабырлануучунун эч кимге доосу жок

Фейсбуктун Турат Аким аттуу колдонуучусу "Балбайдын өчүн алыптыр" деген аталыш менен пост жарыялаган. Анда ал эки кулагы кесилген адамдын сүрөт, видеосун жүктөгөн.

"Бул эргул ичип алып мушташып, экөөнү сабаптыр. Таяк жегендер качып кетип, дагы досторун чакырып жабылып - сен эмне мынча "дерзкий" дешсе, "мен Балбайдын кулагын кескен тукумдан болом" деген экен. Андай болсо сенин кулагыңды мен кесем деп бирөөсү бычак менен мунун эки кулагына бакан эн коюптур. "Тез жардам" келип анын кулактарын тигип, милицияга өткөрүп бериптир", - деп жазган анда ал.

Бул окуянын чоо-жайын Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы төмөндөгүдөй түшүндүрдү. Ага ылайык, окуя 2-майда Түп районунун Кудургу айылында болгон. Ал күнү Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан чалышып, аларга Ак-Суу районунун Зындан айылынын Аманбол А. аттуу 36 жаштагы жашоочусу жабыркап кайрылганын айтышкан.

"Ыкчам-опер топ чакырылган жерге барып, жабырлануучунун 1-майда Чүйдөгү Токмок шаарындагы эжесинин үйүнөн чыгып, кайра өзү жашаган Зындан айылына бара жатып, бул окуяга туш болгонун билишкен. Ал Токмоктон келе жатып жолдон спирт ичимдигин ичкен, Түп районунун Кудургу айылына жеткенде алкоголдук ичимдик ичип отурган жаштарды көрүп, аларга кошулган. Алар да Аманболго арак куюп беришкен. Анда К.К., Г.Б. жана А.Б. үчөө ичип отурушкан.

Чогуу ичип отурушканда балдардын бири менен жолоочу жаңжалдаша кетип, ал анын кулагын кесип салган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене (денеге анчалык оор эмес зыян келтирүү) менен катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө-иликтөө иштеринде бул ишке 29 жаштагы К.К. шектелип, ал кылганын толугу менен моюнуна алган. Анын айтымында, Аманбол менен чогуу ичип отурушканда, ал Зындан айылына жете албай кала турганын айткан. Анда К.К. үйүнө түнөп калууну сунуштап, эртеси эртең менен жолун уласа болорун айткан. Бирок Аманбол мас болуп калып А.Б.ны күтүүсүз согуп жиберген. Буга ачууланган К.К. досуна болушуп, Аманболдун кулактарын кесип салган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, 22-майда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгы, анын негизинде иш 66-беренеге (саламаттыкка жеңил зыян келтирүү) өзгөртүлгөнү жазылган.

"Бирок сотко чейинки өндүрүш иштеринде Аманбол Түп райондук ички иштер бөлүмүнө эч кимге доом жок деген арыз менен кайрылган. Түп РИИБи 26-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин токтотту. Тараптардын жаңжалы Фейсбук колдонуучусу жазгандай, Балбак Баатырга такыр тиешеси жок. Жабырлануучу видеого сүйлөп жатканда "Качандыр бир кезде Балбак Баатырдын кулагын кесишкен, эми меники кесилди" деп гана айтканы бар", - деп маалымдашты Ысык-Көл ОИББинен.

Ысык-Көлдө кулагы кесилген адамдын эч кимге доосу жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Noon
2020-05-31 12:57:47
Ичкилик өзүнүн жумушун жасаптыр да!
+15
Krai
2020-05-31 13:25:34
Бул жагы эркекче болуптур
-9
001KG
2020-05-31 13:43:38
Туура эле болгон, ичкиликтин жолу ушундайда өзү.
+6
Jamalym
2020-05-31 13:48:31
Баары ичкиликтин айынан,тообо кылдым.
+8
bond02
2020-05-31 14:35:27
Эми Адамбол А.
+5
elebes86
2020-05-31 15:16:06
Ичсенер дагы тынч ичиш керек. Анда санда ичип коюш керек
-3
talas0707
2020-05-31 16:03:59
elebes86, сен озу деги он суйлобойт экенсинда
+7
-BOSS-
2020-05-31 18:59:39
elebes86, ичпей койсо деле болот.
+3
Avrora2017
2020-05-31 16:55:53
Ары жоктор баарысы
+3
kulundu.89
2020-05-31 17:25:03
Эн салып коюптурда
+3
PROS
2020-05-31 21:05:10
Кулагын тилип коюптур да, "кесип салышкан" десеңер кесип алып салгандай мааниде түшүнүпмүн.
+2
Siren90
2020-05-31 21:30:05
Жөн эле кулакты кесе салгыдай ал малбы, тосмо арыз жазды дебей чара көрүш керек да, өзүн баатыр сезип жүрсө керек кескен бала
0
AidaKurman
2020-05-31 22:42:12
Ай кудайым ааай. Кандай боору таш адамдар бар арабызда. Колун бир аз тилинсе кандай болосун?! Жинди суунун айынан баары
+2
KalenAlmaz
2020-05-31 22:57:11
Эми кийнкисинде ичсен башка жагыны кесип кетишет ошондо бутот иш.
+1
molorbaev
2020-06-01 19:00:20
Балбак баатыр эмес, Балбай баатыр десенер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан