Кечээ, 31-май күнү Кыргыз-Өзбек чек арасында чыр чыгып, бир нече адам жаракат алган. Жаракат алгандардын 4өө учурда ооруканада дарыланууда. SUPER.KG порталы чырга күбө болгон жана баласы жаракат алган Абдурасул Абдырахманов менен окуя тууралуу маек курду.
- Тажик тарап алдын ала даярданышкан экен. Чечмеликтер айылдагы булакты тазалап, түлөө өткөрүп аш жеп отурушканда күтүлбөгөн жерден тажиктер таш ыргытып башташыптыр. Тажиктер чек араны бузуп өтүп келишсе да биздин чек арачылар атышкан жок дешет. Анан эл жабылып таш менен уруп, тажиктерди кууп чыгышыптыр.
Кечээ 17 жашар уулум балдар менен чогулуп Чечмеге кеткен. Ошол боюнча байланыша албай койдук. Акыры кабатыр болуп өзүм бардым. Ал жакта кадимкидей уруш болуп жатканына күбө болдум. Таштар жамгырдай жаап жатты. Мурду канаган, кулагы айрылган балдар канжалап жүрүшкөн.
Мен кечке маал барганда аскерлер калканын тосуп, чек арада турушкан. Ары жактан тажиктер, бул жактан кыргыздар таш ыргытып жатышкан. Чечмедеги кагылыштан баламдын бетине таш тийип, "Тез жардам" менен ооруканага Айдаркен шаарына алып кеткенин угуп, кайра кайттым. Эптеп уулума байланышка чыксам, "Жакшы элемин, ата үйгө кайта бериңиз. Бул жакка келсеңиз кайра кете албай каласыз" дегенинен үйгө келдим. Мен кайтканда Чечмеде дагы деле уруш болуп жаткан.
Бүгүн чечмеликтерден абал кандай десем, туруктуу деп айтышты. Кечээ күнкү кагылышуудан катуу жаракат алган 4 бала учурда Айдаркен ооруканасында жатышат. Алардын экөөнүн абалы оор, экөө туруктуу. Эки туруктуу дегендин бири менин балам экен. Азыр ооруканага барып, баламды көрүп келе жатам. Баш мээси чайкалыптыр, көзүнө таш тийиптир. Балам "мурдум кычырап жатат" дейт, дарыгерлерден сурасам, мурду сынган эмес дешти. Ал эми абалы оор деген эки адам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылыптыр. Бирөөнүн моюнуна орок менен сайышыптыр, дагы бири башынан жаракат алган дешти.
Менин балам Чечмеге барганда чыр күч алган учур экен. Эки тарап топ-тобу менен мушташканда аралашып, бетине таш жептир. Тажиктердин колунда узун темирлер, ороктор бар экен, таш ыргытчу аспаптар менен таш атып жатышты. Биздикилердин колунда таш эле бар болчу.
Бүгүн тажик тараптан 200дөй адам ооруканага жаткырылды деп жаңылыктардан берип жатышат. Анын канчасы чын билбейм. Аларга салыштырмалуу бизде ондогон эле адам ооруканага кайрылып, анын 4өө гана ооруканада калды. Мурду, башы канжалагандар толтура, алар бети-башын байлап алып эле жүрүшөт.
Тажик тараптагы үйлөрдүн өрттөнгөнү боюнча, бирөөсүн атайын өздөрү өрттөп салышты деп уктук.
Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 1-июнда "Кыргыз-Өзбек чек ара чатагынан улам ооруканага кайрылгандардын саны 25ке жетти. Алардын төртөө учурда ооруканада. Эки кишинин абалы оор деп бааланып жатса, эки бейтап орточо оор абалда", - деп билдирген.