Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл кымбат баага кароол кызматын жалдашты

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл кымбат баага кароол кызматын жалдашкандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, түгөйлөр Улуу Британиядан Калифорнияга көчүп келген соң кароолчу жалдаганга мажбур болушкан. Себеби учурда алар жашап жаткан үйдүн айланасында дрондордун байма-бай учуп жүргөндүгү себеп болгон. Жубайлардын учурдагы турмушунан эксклюзивдүү кадрларды тартып калууну каалагандар көп экендиги сыр эмес. Алар жалдаган кароол кызматын көптөгөн атактуулар колдонот. Мисалга, Мадонна, Женнифер Лоуренс, Шер, Том Хэнкс, Барбара Стрейзанд жана башкалар. Бул компания Лос-Анжелестеги эң ишенимдүү жана белгилүү компаниялардын бири. Меган Маркл менен Гарри алардын кызматы үчүн күн сайын 7 миң фунт стерлинг төлөшмөкчү. Мындай каражатты алар кандай төлөй тургандыгы азырынча белгисиз. Буга чейин түгөйлөр акча жагынан муктаж болуп жатышкандыгы да айтылган эле.

Түгөйлөр учурда Лос-Анжелестеги америкалык актёр, режиссёр жана ишкер Тайлер Перринин хан сарайында жашап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Crokus
2020-06-03 12:29:50
Карапайым элдей болуп жашайбыз дегенден кийин,ошондой болуш керек эледа.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан