реклама
super.kg logo

"Бет кап кийбеген кызматкерлери үчүн жетекчиси жазаланат". Вице-мэр бет кап кийүүнү милдеттендирген буйрукка кол койду

 
Бишкек шаарында калкты тейлөө жана тамактандыруу жаатында иштегендер мындан кийин катуу көзөмөлгө алынат. Бул тармакта эмгектенген кызматкерлер милдеттүү түрдө бет кап кийип жүрүүсү шарт. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта кафе, ресторан жана башка тейлөө кызматындагылардын бет кап кийүүсүн милдеттендирген буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койгону айтылат.
"Covid-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында бардык ишкерлерден санитардык талаптарды аткарууну суранабыз. Жетекчилер кол астында иштеген персоналдын эрежелерге ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөшү керек. Ошондуктан санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө ар бир жетекчиге жүктөлдү", - деп жазылат маалыматта.
Мэрия жарандардан санитардык нормалар аткарылбай жаткан учурларга туш болсо, күнү-түнү иштеген 1840 жана 1850 номурларына чалып билдирүүнү жана фото, видео түрүндөгү фактыларды 0554 182-185 WhatsApp номуруна жөнөтүп коюну суранат.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
03.06.2020. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
13-07-2020 23:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун мэри тагынбай эле жүрөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147289;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: