Коронавирустан улам чет өлкөдө көз жумгандарды коштоп келгендердин арасында вирус жуктуруп алгандар бар

Бүгүн, 3-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берди. Жыйында Ош облусу боюнча COVID-19 инфекциясына байланыштуу жалпы статистика берилди.

Ага ылайык, облуста коронавирус илдетинен дагы 2 адам каза болгону айтылды.

"Бүгүнкү күнгө карата вирустан жабыркагандардын жалпы саны 220 адамга жетти. Илдеттен 187 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Дагы 27си изоляцияда жатат. Тилекке каршы, 6 адам каза болду. Алардын арасынан 2 адам кечээ, 2-июнда көз жумду. Маркумдардын бири Кара-Суу, бири Кара-Кулжа районунун тургундары болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, акыркы күндөрү оорунун географиясы өзгөрө баштады. Мисалы, Кара-Сууда мурун катталган эмес, бирок кийин чыга баштады. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү сырттан келген жарандар. Алсак, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, Орусиядан келгендер жана ал жактан вирустан улам көз жумгандарды "Жүк 200" менен коштоп келгендердин арасынан дагы чыгып калууда", - деди Узарбек Жылкыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан