Депутат Дастан Бекешев мектеп окуучулары үчүн даярдалган видео сабактар кызыксыз болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Видео сабактар кызыксыз болуп, аны угуу мүмкүн эмес болгон. Балдар эмес, чоң адамдар да көңүл буруп көрүп отура албайт. Эл аралык уюмдар жардам берип жатты, кызыктуу кылып тартса болот эле да", - дейт депутат.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова: "Эки аптанын ичинде коронавирус инфекциясынан коркпой, видео сабак тартканга макул болгон мугалимдердин тобун түзгөнбүз. Кызыктуу сабактар да болгон, сиз айтып жаткандай дагы сабактар болду. Мен мугалимдердин ишине ыраазымын. Кемчиликтерди эске алуу менен сапаттуу видео сабактар тартылат", - деди министрдин орун басары.