Арменияда коронавирус инфекциясы күч алгандыгына байланыштуу бул илдет менен ооруган адамдарды ооруканалар кабыл ала албай калды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда айткан.
"Эпидемиологиялык абалыбыз начарлап баратат. Кечээ бизде 697 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды", - деген Пашинян.
Анын айтымында, учурда Арменияда болжол менен 20 миңдей адамда коронавирус инфекциясынын белгилери бар. Алар ооруп жаткандарын өздөрү билишпейт. Пашинян жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
Эске салсак, 1-июнда Никол Пашинян жана анын үй-бүлөсү коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө жалпы 11 миң 221 адамдан коронавирус аныкталды. 176 адам каза болсо, 3 миң 468 бейтап айыгып чыкты.