Дүйнөдөгү эң чоң желек АКШнын Висконсин штатында жайгашкан. Андагы АКШнын желегин чагылган айрып кеткенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Чагылган менен коштолуп жааган жамгырлуу аба ырайы Висконсин штатынын бир канча районунда болуп, 30 миңден ашык үй жарыксыз калган. Чагылган эң чоң желекти ортосунан экиге бөлүп салганы жазылат маалыматта.