Чек арадагы булак чыры: "Анын бизге таандык экенин далилдеген документ бар экенине карабай, бийлик алсыздык кылып жатат" дейт тургун (аудиомаек)

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр кыргыз тарапка тиешелүү болгон булакты талашуудан келип чыкканы айтылган. 1-июнда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушкан. Бул жолугушуу тууралуу жергиликтүүлөр тарабынан "Боронов эл менен жолугушуудан мурун өзбек бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө кирип кеткен" деген пикирлер айтылган. Азыркы тапта айтылган пикирлердин аягы тыйылбай, өкмөткө адаттагыдай сын-пикир айткандар күчөдү. Мындан улам SUPER.KG порталы айтылган пикирдин чын бышыгын билүү үчүн Чечме айылынын тургуну, жарандык активист Каныбек Парманов менен байланышып, тиешелүү суроолорго жооп алды.

- Азыркы тапта сиз жашаган Чечме айылында конфликттен кийинки абал кандай?

- Чыр чыккан аймакта азырынча эч кандай жылыш боло элек. Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов келгенден кийин эртеси күнү эле айылыбызга акимибиз келип кетти. Ал көрсө Өзбекстандын акими менен жолугушууга келген экен. Эки тараптын акимдери жолугушкандан кийин келишим боюнча, биз өзбектерден булактын суусун пайдалануу үчүн уруксат сурашыбыз керек экен деген кептер айтылган. Бул албетте, акылга сыйбаган нерсе болгондуктан, биз мындай сүйлөшүүгө барбайбыз дедик. Анткени бул элдин пикири болчу. Акимге өзүңөр кирип сүйлөшүп чыккыла, буга эл макул эмес деп талап койдук. Андан кийин аким коңшу тарапка элдин талабын айтып, жеткирди. Өзбекстандын премьер-министри бул жерге долбоор түзүп, чайхана сыяктуу эс алуучу жай кылабыз деп айтып кеткен.

Жарандык активист Каныбек Парманов

Демек, өзбек тарап ээлеп, жерге алар ээлик кылып калышмак. Биз кийин такыр кире албай калмакпыз. Ошого бул нерсеге караманча каршы болдук. Акимибиз дагы кирип, мындай долбоор болбой турганын айтыптыр. Кошуна эл ал гана эмес, биздин аймакта турган өз үйлөрүн өрттөп салышкан. Өзбекстандын жарандыгын алган жарандар үй салабыз дешкенде, биздин аким уруксат берген эмес. Анткени жер чечилмейинче алар көздөгөн жерге үй салууга мүмкүн эмес да.

Алар тажик улутундагы Өзбек жарандары, бирок жер Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү. Өзбек жарандары Кыргыз өлкөсүндө жашап, эмгектенип, пенсия алышчу. Кийин Өзбекстандын паспортун алып, алардын балдары дагы тажик мектепте окуп, тажикче тарбия алып калышкан. Ошентип бир аймакта турганыбызга карабай алар кыргыздын башкы душманы болуп калышты. Кошуналарыбыз Өзбекстандан 300-400 метрдей алыс, тагыраагы биздин эле жерде турат. Ага карабай бийликтин буга күчү жетпей келди. Калп айтпасам, 20 жылдан бери милиция кызматкерлери барышат, укук коргоочулардын баарын сөгүп, бир эле аял кубалап чыгат. Азыр ал аял жок, өзү да күйөөсү да өтүп кетти. Азыркы тапта ал жакка балдары эч кимди киргизбейт.

Кадамжай районундагы Чечме айылындагы чырдан кадр

Былтыркы жылы биз барып булакка кирген дарбазаларды алып салганбыз. Анткени дарбазаларды биздин кыргыз чоң аталарыбыз койгон экен. Аларды жулуп алдык. Коңшу эл биз үстөмдүк кылып баштагандан кийин гана бир аз коркуп башташты, баш көтөрсө эле басып коюп жаттык. Бул чыр негизи көптөн бери болуп келгендиктен, акыркы окуяда жеткен чегине жетип, жарылды.

- Өзбектер чырга даярданып келгени, кыргыз тарап эч нерседен капары жок болгонун жергиликтүүлөр айтып жатышат. Бул туура маалыматпы?

- Ооба, туура. Биздин эч нерседен кабарыбыз жок, аңкоо 60-70 кыргыз булак тазалап, түлөө өткөрөлү деп кой союп, анан аш басып жатканбыз. Ашыбыз бышып, аксакалдарыбыз кеп куруп отурган. Анда биз ишти бүтүп, булактын көздөрүн тазалап аяктап калган болчубуз. Жумушубуз бүтүп калганда алар провокацияга алдырып, чыр чыгарышты. Мына ошол тапта уруш башталып кетти. Чырдан кийин ашыбыз дагы, этибиз дагы бүт баары калды. Ал эле эмес чыр болгон жерден аксакалдарыбызды араң алып чыкканга үлгүрдүк.

- Кубатбек Боронов менен жолугушууга кирген топтун арасында сиз да бар экенсиз. Эки тараптын жолугушуусу кандай болду, эмнелер сүйлөшүлдү, сүйлөшүү процесси тууралуу айтып берсеңиз?

- Биз чынында Кубатбек Боронов келгенин билбей калдык. Анын келгенин эл саат 10дордо билди. Көрсө ал киши келип эле Өбекстанга кирип кеткен экен. Анан элдин ал жердеги нааразычылыгын айтпай эле коёюн. Жергиликтүү эл менен жолугушпастан, сүйлөшпөстөн, элдин оюн укпай туруп кантип сүйлөшүүгө кирип кетти деп эл аябай ачууланды. Ошондогу ачууланганыбызды башкара албай турган болуп калганда, алар кошумча күчтөрдү тартты, күч структураларын алып келишти.

Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри
Абдулла Ариповдун жолугушуу учурунан кадр

Анткени Бороновду бир нерсе кылып койбосун деп, биздин постко киргизбей булар карап турушту. Алар "кеткиле, Боронов азыр чыгат, силер менен жолугушат" деп айтып жатты. Бирок эл ага көнбөдүк, биз менен эмнеге сүйлөшпөй кирип кетти, азыр чечимди туура эмес кабыл алып алат, анткени ал жергиликтүүлөрдүн маселесин билбейт деп кабатыр болуп жаттык. Айтканыбыздай эле абал биз ойлогондой болду. Андан кийин биздин аким чыкты. Аким бирок сүйлөшүүгө ичтен кирген эмес экен, күтө тургула азыр чыгат деп бизди алаксытып турду. Бирок биз ага да көнгөн жокпуз, киребиз болбосо чакыргыла деп жолго шагыл төгүп баштадык. Анткени бизде башка арга калбады, жолду тособуз дедик. Ошол маалда 500гө чукул адам Бороновду талап, жеп коёбуз дедик.

Эки тараптын жолугушуу учурунан кадр

Мына ошондон кийин биздин аким ары чуркап, бери чуркап азыр силерден 10 киши чогулгула сүйлөшүүгө киресиңер деп айтты. 10 киши чогулуп кирдик. Өзбекстандан дагы 10 жергиликтүү тургун кирди. Ошентип алардын премьер-министри, биздин биринчи вице-премер-министрибиз болуп сүйлөшүү башталды. Биз киргенде эле сөздү биринчи Өзбекстандын өкмөт башчысы баштады. Абдулла Арипов "Биз Кубатбек Айылчиевич менен сүйлөштүк, булакты эки эл ортодо иштете турган болду. Биз долбоор түзүп, бул жерди гүлдөтүп, өркүндөтө турган болдук" деп сөзүн баштады. Биз аны укканда нес абалга кептелдик. Анткени ал биз күтпөгөн маалыматты айтып жиберди. Арипов суроону кабыргасынан коюп "сиздер буга эмне дейсиздер, биз ушул чечимге келдик, менимче, сиздер дагы бул чечимге макулсуздар да" деди суроо узата. Анан биз менен кирген айылдык кеңештин депутаты Садыкбек Каламов "Жок, эч качан мындай болбойт, булак биздики" деп жооп узатты. "Биздин элдин талабы булакты тосуп бергиле, бирок суу мурун кандай аккан болсо, ошондой ага берет. Суу бизден артат, ал сууну биз кайда коймок элек. Биз кааласак, каалабасак дагы суу Өзбекстанга агып кирип кетет", - деди Каламов. Ошентип жолугушуудан тарадык.

- Ошол нааразычылыкты Кубатбек Бороновго айтууга мүмкүн болдубу?

- Биз ага бул тууралуу айттык. Айтсак "эл каршы болсоңор, анда биз айтабыз, азырынча мындай эле сүйлөштүк" деп жооп берди. Бул сүйлөшүү документалдуу эместигин түшүндүрдү. Аныгын билбейм, балким, жоопкерчиликтен кутулуу үчүн ушинтип айттыбы так айта албайм. Себеби эл абдан ачууланып турган болчу. "Макул эгер силер каршы болуп жатсаңар, ал көйгөй эмес. Силер кабатырланбагыла" деди да убактым аз эле андай эле, мындай эле деп кетип калды. Албетте, элдин суроолоруна жооп берүүгө аракет кылды, бирок кетип калды. Жыйынтыгында эч кандай маселе чечилген жок.

- Булак тууралуу айтып берсеңиз. Ал эмне болгон булак? Булактын Кыргыз өлкөсүнө таандык экенин далилдеген документи барбы?

- Булакты менден жакшы билгендер бар. Булак биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз. Мунун 300-400 жылдык тарыхын билебиз. Биздин ата-бабаларыбыз хандар, бийлер, болуштар болгон. Алардын сөөктөрү булактын тегерегине күмбөзгө коюлган. Азыр да ал жерде ошол кишилердин күмбөз, мүрзөлөрү бар. Аны азыр изилдесе деле анык болуп чыгат. Булактын Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү экенинин дагы бир далили катары 4 картаны айта алабыз. Ал карта 4 ар кандай убакытка таандык. Ошол 4 картада дагы булак биздин өлкөгө тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Мына ошол далилдин бар экенине карабай, биздин бийлик дагы да болсо алсыздыгын көрсөтүп жатат.

Ошондуктан бул жерге жыл сайын түлөө өткөрүп келебиз. Мурда булак чыгып эле жайылып агып кетчү. Андан кийин ата-бабаларыбыз 400-500 жыл мурун отурукташып, айыл кылып, айылга сууну чыгарышкан. Алар ошол булактын тегерегин тосуп, курчашкан. Ал учурда бир да тажик жок болчу.

Булар ата-энелерибиздин айтуусунда, кийин 1970-1976-жылдары гана булакка жакындай башташкан. Алар ушунчалык тездик менен көбөйүп, бери кирип башташты. Анткени аларга жер тилкесине болгон муктаждык күч.

- Ошол булакка жакын жайгашкан Манас Саматов аттуу жарандын үйү күйгөнү боюнча кабардарбыз. Үй кандай болуп күйдү?

- Ачыгын айталы, кыргыздар алдабайбыз. Булактын үстүндө кошуналар менен салгылашып, аларды кайтарып турдук. Бирок алар биздин чек арага жетип келди. Биздин бир да кызматкерибизде курал жок. Алар атайын сүйлөшүп алышкан экен курал алып келбегиле ок чыгарбайбыз дешип. Ооба, ок чыгарганда аябай көп кан төгүлмөк. Биз алардын мизин кайтарып, булактын үстүндө турдук. Ал учурда алар чек арадан айланып өтүп Манас Саматов деген тургундун үйүн өрттөп салышыптыр.

Анын үйү булактан болжол менен 100-120 метр өйдөдө жайгашкан. Үйдүн күйгөнүн көрбөй калыптырбыз, алар чек арадан ашып өтүп, андан кийин качып кетишкен. Алар үйгө бензин куюп өрттөп жиберишкенин чагылдырган видеолор дагы бар. Кызыгы, ал видеолорду өздөрү тартышкан. Алар каалабаса дагы видеолор мессенжер аркылуу бизге келип калды. Эки тарап урушуп жаткан жерден 2 үй күйүп кетти. Бирок бизден бир да от ыргытып өрттөөгө аракет болгон жок. Анткени кыргыздарда алардын үйүн өрттөө деген максат болгон эмес. Карап турсак үйдөн түтүн чыкты дагы эки тамдын үстү күйүп баштады. Кийин ал үйлөрдү биз эмес, өздөрү күйгүзгөнүн аңдап калдык. Биздин аймакта турган Бекназаров деген кишинин үйү дагы күйүп кетти. Көрсө үйдүн кожоюну 2 саат мурун жүктөрүн алып чыгып жатканын тургундар көрүшкөн экен. Алар алдын ала даярданып, үйүн өрттөп, анан кыргыздарга шылтап коюшкан.

- Конфликттен кийин азыркы абал кандай?

- Азыр уруштан кийин бул жакта эч ким жок. Биз булакка барып, ал жакты карап көз салып жатабыз. Өзбекстандын аскерлери жүрүшөт, биздикилер жок. Булак чынында биздики. Элдер деле булактын жанында ары-бери басып жүрүшөт. Бирок абалды кооптуу дебей, туруктуу деп айтсам туура болот. Бизди күйдүргөнү алардын атайын эксперттери келип, аркы-берки күйгөндөрүн текшеришип, чыгымдарын эсептешип жазып кетишти. Маалыматка ылайык, алар күйгөн үйдү бир айда көтөрүп беребиз деп сөз берип кетишиптир. Ал эми бизге "Кызыл жарым ай" коому жана башка ушул сыяктуу уюмдар келип жатат. Бирок бийлик тараптан эч кандай азырынча жардамдар айтыла элек.

Чырдын кайталанбоосуна эч кандай кепилдик жок. Кудай сактасын, бирок анын кайталануусу толук мүмкүн. Анткени эч нерсе чечилген жок да, чек ара тактала элек. Чечме айылында 1 миң 300 адам бар, ал эми түтүн 200гө жетпейт. Кошуна Чашма айылында болсо 18 миңдин тегерегинде калк жашайт. Аларда адам көп. Мисалы бизде бир кыргыз жашаган жерде алардын 10-12 үй-бүлөсү жашайт. Коңшу калк көбөйгөн жана жыш жайгашкан. Аларга жер керек болуп биз жакка уламдан-улам кирип келе жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aza84
2020-06-05 23:27:57
Соке чечкиндүү болбой койду да
+12
Zhoro
2020-06-05 23:57:40
Энендин ........
+5
zilish_kg
2020-06-06 00:09:06
Такталган жерлерди зым менен тосуп такталбаган жерлерди гана калтырыш керек. Чоңдордон эле ушул жерден ушул жерге чейин деп көрсөтүп турса эл өзү акчасын жыйып өзү тосуп алат, мамлекеттин жардамы жок эле. Жылдан жылга көбөйүп жатат мындай окуялар,качан эле көрсөң такталбаган аймак деп сөз башталат,такталган да такталбаган да жерине күндөн күнгө кирип келе жатышат, даана кылып тосуш керек.
+14
Birimdik5555
2020-06-06 01:48:57
Урматтуу Кубатбек Боронов чек ара маселелерин чече албасаныз анда эмнеге иштеп журосуз,сизден сураныч иштей албасаныз ордунузду иштей тургандарга бошотуп бериниз да,ушунча элдин назарына калбай
+12
Istina1000
2020-06-06 03:39:15
Жер берген жан берген мн барабар. Ата бабанын каргышына каласынар го, биригип жогорула отурган, арам тамак иттер
+8
Bars88
2020-06-06 06:54:56
Сатып ийишкен да жерлерди кантип актанарын билишпей ар нерсени доодуроп атышат.Карантинде болушунча сатышты болуш керек бул дагы откондо сузактагы жер дагы айылга жакын болгону учун билинди.Алысырак ээн таалалардан канчасы кетти билинбей
+7
Han1111
2020-06-06 09:04:16
Чек ара маселесин чечиш учун чоон дух, акыл керек. Азыркы бийликте андай акыл, дух жок болбогондон кийин чече турган Камчыбек Ташиев, Курсан Асановдой адамдарга орун берсин.
+4
PROS
2020-06-06 11:33:45
Күйбөгөн жериңди күл кылышат да бул дөдөй бийлик!!!
+6
Arstan18.18
2020-06-06 12:07:52
Бул сатылып кеткен жер биздикилер саткан! Озунчо эле жер биздики дейтда озбек тажиктер! Биздин бийлик саткан! Коттору ак болсо Кадамжай районундагы эки анклабдыда алып койсолор болот! Ал жердин баары Кыргызстандын территориясы
+3
XATSAN125
2020-06-06 12:31:24
Сөз жок сөз жок бийлике. Баткен эли азматсыңар
+6
NUR-01
2020-06-07 00:00:12
Бизге тоскула деп эле команда берсин биз эл өзүбүздүн каражатыбызга тосуп алабыз мамлекетен бир тыйын албай Каныбек мырза азаматсың аябай маанилүү маек бериптирсиң
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан