Чүйдүн Сокулук районунан Максатбек Эдилбаев аттуу 37 жаштагы жаран дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Военно-Антоновка айылындагы үйүнөн 30-май күнү чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Бою 160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү күрөң түстө.
Кийип жүргөн кийимдери: ак түстөгү футболка, кара түстөгү чолок шым, башына ак түстөгү кепка кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.
Кимде-ким жогорудагы жаран тууралуу маалымат билсе, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14.