"Мени ушуга жеткиришти". Акыйкатчы институту Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалган адам өз өмүрүн кыюуга аракет кылганын маалымдайт

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө С.Ж. аттуу Талас шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдалды.

Ал кайрылуусунда Т.И. аттуу баласы Талас районунун Талды-Булак постунан кармалып, ушул жылдын 26-мартынан 30-майга чейин Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайында болгондугун, 30-майда белгисиз жагдайда баласынын ичи, колу кесилип, көп кан кетип, ата-энесине билдирбей Талас облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө алып барышып, канын токтотуп, кайра Талас ОИИБне алып келгендигин тааныштардан укканын жазган.

"Баласынын акыбалын билүү үчүн ал Талас ОИИБге келгенде жолугушууга убакыт аз болгондугун, баласы ошол жерден кыйкырып “мени тергөөчү, адвокат, тергөө башчысы ушуга жеткирди" деп ыйлагандыгын билдирген. Баласы ошол жерден өлүм алдындагы куш катын эжесине жашыруун бергенге үлгүргөндүгүн, баласын ошол күнү Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу жайына которушканын жана ал тууралуу маалымат ала албаганын, ошондой эле жогоруда аты аталган кызматкерлерге карата чара көрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган", - деп жазылат маалыматта.

Бул боюнча Акыйкатчы институту Талас облусунун прокурорунун наамына суроо-талап жөнөткөн. "Анда камерада жалгыз отурган Т.И. кандай жагдайда сол колунун үч жеринен, ичи киндигинин астынан кесилип калганын, ким тарабынан кесилгенин, эгер өзү кесип алса, кесүүчү предметти кандай алган?" деген суроолор коюлган. Камерага киргизүүдө жана чыгарууда убактылуу кармоочу жайдын башчысы жана күзөттө турган кызматкерлер жеткиликтүү кароо жүргүзбөгөнүнүн себебин дыкат текшерүү суралды деп билдиришет институттан.

"Мындан тышкары жогорудагы арыздын негизинде, арызда көрсөтүлгөн жагдайды жеринде текшерүү үчүн Талас облусунун Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу жайына барып, кармоодо отурган шектүү Т.И. менен видеомаектешүү өткөрүп, сол колунун үч жери кесилгенин жана курсагында киндиктин төмөн жагындагы жаракаттары фото жана видеого тартылып алынган.

Кармоодо отурган Т.И. өзүнүн өмүрүнүн коопсуздугунан коркуп, арыз жазуудан баш тарткан, видео маектешүүгө макул болуп, болгон окуяны видео камеранын алдында айтып берди. Маектешүүдөн кийин убактылуу кармоочу жайга “Тез жардам” кызматы чакыртылып, шектүү Т.И. жараат алган жерин фельдшер кайра таңып берди. Аны Кара-Буура РИИБинин кармоочу жайына которуу өтүнүчү келтирилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү жана борбордук кеңсеси тарабынан Көңүл буруу актысы даярдалууда. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Т.И.ге карата Стамбул протоколунун талаптарына ылайык тыкыр медициналык кароодон өткөрүү зарыл деп эсептейт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан