Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денеси табылды

Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнь күнү саат 14:00 чамасында Чүйдүн Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМга маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмү тарабынан 4 куткаруучу тартылып саат 15:30дар чамасында Ала-Арча суусунан каза болгон аял кишинин жансыз денесин алып чыгышкан.

Жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан