Бразилияда COVID-19 инфекциясынан бир сутка ичинде 900дөн ашык адам каза болду

Бразилияда бир сутка ичинде COVID-19 пандемиясынан 900дөн ашык адам каза болду. Бул жөнүндө дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары расмий маалыматтарга таянып жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, бир сутка ичинде жугуштуу вирустун кесепетинен аталган өлкөдө 904 адам каза болсо, 27 миң 75 жаран коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 10 миң 209 бейтап оорудан айыккандыгы жазылат маалыматта.

Учурда Бразилия COVID-19 пандемиясын жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөлүк рейтингде АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Аталган өлкөдө вирус менен алышкандардын жалпы саны 672 миң 846га жетти. Андан 277 миң 149 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 35 миң 930 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан