Ырчы Гүлжигит Сатыбековдун “Аппагым” деген жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү, обону аткаруучунун өзүнө таандык. “Акыркы убактарда ырларыма тема таппай кыйналып жүргөм. Бул ырдын чыгышына досторум себепчи болду. Алардын сунуштарынан улам ыр ушундай аталып калды. Сүйүү сезимин даңазалаган ыр”,- дейт ырчы.