Бишкек шаардык милициясынын опер кызматкерлери АКШга виза алып берем деген убада менен жарандан ири көлөмдөгү акча алган жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкектеги Октябрь РИИБнен маалымдалды.
Ага ылайык, 5-июнь күнү Октябрь РИИБине Б.Б. аттуу жаран чала тааныш кызына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Өзүнүн арызында ал өткөн жылдын ноябрь айында АКШга виза алууга жардамдашам деген кыз ишенимине кирип 11 миң 200 долларын алганын, бирок убадасын аткарбай, жашаган жерин жашырып качып жүргөнүн жазган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204 (алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Криминалдык кызматтын опер кызматкерлери бул ишке шектүү катары 24 жаштагы А.К.ны кармап, тергөөгө алып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизди. Учурда милиция тарабынан анын башка иштерге катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Урматтуу жарандар, эгерде сүрөттө көргөн адамдан жапа чеккендер болсо, 0(709) 76-76-06, 0(558) 102-992 жана 102 номерлерине байланышыңыздар", - деп жазылат Октябрь РИИБнин маалыматында.