"Кейиштүү, бирок бул чындык". Казакстанда коронавирус менен ооругандар жандандыруу бөлүмүндө жаткан видео тарады

Казакстандын Акмола облусунун товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөө департаменти коронавирус инфекциясы менен ооруп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташкан бейтаптардын видеосун жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

"Кейиштүү, бирок бул чындык", - деп жазылган видеодо.

Ал эми казакстандык дарыгерлер коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүп жаткандыгын жана бул санитардык эрежелерди сактабагандыктан улам болуп жаткандыгын айтышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 13 миң 74 адамдан аныкталды. 58 адам каза болсо, 7 миң 737 бейтап айыгып чыкты.

Казакстанда коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dikowka93
2020-06-09 13:27:14
Кыргызстанда мындан жаман абалда жатышса керек эхх Ким билиптир
+1
Saitov79
2020-06-09 14:45:02
Аллах шыфаасын берсин ооругандардын
+1
Aika1988
2020-06-09 17:08:25
Коркуп кеттим дем алуу ото начарлайт экен да кудайдан болуп ушул вирус жоголсо экен...
0
bazar
2020-06-09 17:40:28
Ушинтип көрсөтүп жатат. Кыргызстанда М. Чолпонбаев деген белгилүү саясатчы кайтыш болду бул вирустан. "Вирус жок" деген далбаепторго таң каласын адам
+2
rafo80
2020-06-09 18:00:06
Көрүп алгыла вирус жок дегендер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан