Бишкекте 50 баланы кабыл ала турган бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, бакчанын жалпы аянты 416 чарчы метрди түзүп, бир кабаттуу болору айтылат.
"Бала бакча №12 мектепке чейинки билим берүү уюмунун корпусу катары салынат. Долбоордун жалпы суммасы 17 миллион сом. Ага каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт. Келишим боюнча бакча ушул жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керек. Учурда курулуш иштери башталды" , - деп жазылат маалыматта.