Кандын кайсы группасы коронавирустан сактайт?

Пандемия күч алып турган апрель айынын башында генетикалык тестирлөө менен алектенген Калифорниядагы "23andMe" компаниясы коронавирус инфекциясын изилдөө жана ага каршы күрөшүүдө талыкпай иштеп жаткан окумуштууларга жардам берүү максатында генетикалык изилдөөлөрүн баштаган.

Анда "Эмне үчүн коронавирусту жуктуруп алган адамдардын кээ биринде вирус оор формада өтсө, айрымдарында жеңил формада өтөт? Анда генетиканын ролу барбы?" деген суроолордун үстүндө иш алып барышкан. Жакында эле аталган компаниянын изилдөөчүлөрү жалпы 750 миң адам катышкан изилдөөнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялашкандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда коронавирусту жуктуруп алган адамдарда оорунун жүрүшүндө кандын группасы чоң роль ойнору айтылган. Тактап айтканда, кандын О тиби (I группа) коронавирустан коргой алат. Изилдөөдө I группадагы адамдарда коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу башкаларга салыштырмалуу 9-18 пайызга аз болуп чыккан. Эгер оору жуккан болсо, ага туруштук берүү жөндөмдүүлүгү жогору болот.

"Эгер адамдын жашын, жынысын, дененин салмагынын индексин, этникалык өзгөчөлүгүн жана ооруларын эске алганда бул көрсөткүч туура" деп айтылат.

Мындан тышкары алар коронавирус менен генетиканын ортосундагы байланышты изилдеген жалгыз топ эместигин жана бул жаатта дагы да изилдөө жүргүзүлүшү керектигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Taalaibek.
2020-06-12 00:23:02
Жаны кан VI группа болуп эсептелинет. Менимче VI группа.
+2
Taalaibek.
2020-06-12 10:29:43
Taalaibek.,Кечирип коюунуздарчы. Туура эмес тескери жазып алыптырмын.Жаны кан IV группа болуп эсептелинет. Менимче IV группа.
0
Nourlan
2020-06-12 01:01:10
VIгруппа жок. Болгону төртөө эле:
О (I), А (II), В (III) жана АВ (IV)
Резус фактор экөө эле: Rh+жана Rh-
+3
Taalaibek.
2020-06-12 10:33:21
Nourlan,Отрицательный жана Положительный болуп экиге болунобу?
0
Krai
2020-06-12 02:55:44
Ушул убакка чейин канымдан группасын билбейм тооба. Ийне сайдыргандан өлө коркчумун. Эсимде көп жыл мурда автомектептен, права алып атканда, кандын группасын сурайт эмеспи, ошондо менин алдымдагы жигит 2группа плюсовый дегенинен мен деле ошентип койгон элем ошол боюнча эле 2группа плюсовый деп жүрөм
0
rola
2020-06-12 09:50:50
Krai,Кудай сактасынго,авария болуп кан куюш керек болсо 2-группадагы канды куюп коюшат.Шашылыш болгондо правандагы кан группасын карайт.
+4
Nurmatova.
2020-06-12 14:36:15
rola,текшерип анан куят
0
bazar
2020-06-13 22:16:21
Nurmatova., шашылышта правадагы группага карап куя беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан