Коңшу Казакстандын парламентинин депутаты Бекболат Тлеухандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.
"Дүйнөлүк пандемия мага таасирин тийгизди. Акыркы күндөрү көптөгөн тааныштарым мага ден соолугумду сурап чалып, жазып жатышат. Мен тест тапшырган учурда коронавирус инфекциясы аныкталды. Башында үйдө дарыланып жүрдүм, азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада жатам", - деп жазган Тлеухан.
Казакстанда коронавирус инфекциясы жалпы 13 миң 872 адамдан аныкталды. 67 адам каза болсо, 8 миң 593 бейтап айыгып чыкты.