Өзбекстан бүгүн, 15-июндан баштап эл аралык аба каттамын жандантты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Ага ылайык, "Санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу болгон өлкөлөр менен гана аба байланышы жанданат. Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясынын чечими менен төмөндөгү категориядагы жарандардын кирип-чыгуусуна уруксат берилген:
Чет өлкөлүк дипломатия жана алардын үй-бүлөсү;
Чет өлкөлүк инвесторлор жана алардын адистери;
Дарыланууга барчулар жана катуу ооруп жаткан туугандарына бара жаткандар;
Башка өлкөгө Өзбекстан аркылуу транзиттик каттам менен учкандар;
Өзбекстанга каттоого турган жарандар, жарандыгы жок адамдар жана башка өлкөдө каттоосу бар өзбекстандык жарандар. Ошондой эле сыртка чыккан жарандар Өзбекстанга киргенге чейин аз дегенде 14 күн обсервацияда болушу шарт", - деп жазылат маалыматта.