Бразилияда бир суткада 20 миңден ашык адам COVID-19 илдетине кабылды

Бразилияда бир сутка ичинде коронавирус илдети 20 миң 647 адамдан табылды. Муну менен аталган өлкөдө вирус менен катталгандардын жалпы саны 888 миң 271ге жетти. Мындай көрсөткүч менен Бразилия АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтына жарыяланган рейтингде 2-орунда турат. Бул жөнүндө дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

"Бул өлкөдө бир сутка ичинде 20 миң 647 адамдан вирус табылса, 612 бейтап оорунун айынан каза болгон.

Бразилияда жалпы 888 миң 271 адам COVID-19 илдетине кабылса, тилекке каршы, 43 миң 959 бейтап көз жумган. Ал эми 454 миң адам оорудан айыккан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан