Орусияга 24-июнда өтө турган Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышуу үчүн 12 өлкөнүн аскер өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Улуу Жеңиштин урматына арналган Жеңиш парады пандемияга байланыштуу 24-июнга жылдырылган. Ал эми салтанатка катышуу үчүн 12 өлкөнүн аскер өкүлдөрү Орусияга келишти. Алар Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсү.
Салтанаттуу иш-чара Москванын Кызыл аянтында 24-июнда орун алмакчы. Жалпысынан парадда 225 атайын техника жана 75 учак көрсөтүлөт. Алардын катарында 20дан ашык жаңы техникалар, анын ичинде Су-57 жана МиГ-31К истребителдери дагы бар.