Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жашоочусу, 34 жаштагы Кулпинса Тажибаева 2 баласы менен 1 айдан бери дайынсыз болуп жатканы жазылган болчу. Анда ал 14-май күнү таңга жуук 2 баласын ээрчитип үйүнөн чыгып кеткени маалымдалган. 14-июнь күнү Тажибаеванын эжеси ал байланышка чыкканын, бирок жүргөн жери белгисиз болуп жатканын SUPER.KG'ге билдирген.
Кадамжай РИИБи Кулпинса Тажибаева табылганын, ал менен кечээ РИИБнин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жолугушуп келишкенин билдирди.
"Кечээ Жалал-Абадга бардык, Тажибаева өзү дагы, 2 баласы дагы аман-соо экен. Турмушка чыгыптыр, 1 айдан бери ушул жигит менен сүйлөшүп жүргөм, турмушка чыктым, ушул жакта жашайм деп калды", - дешти РИИБден.