Кош келиңиздер! Моссоветте биринчи жолу Бакай Банктын күнү-түнү иштеген филиалы ачылды

“Бакай Банкта” биринчи жолу 24/7 тартибинде иштей турган филиалы алгачкы кардарларын кабыл алды. Анда жарандар үчүн банктык кызматтардын бардыгы көрсөтүлөт. Расмий ачылышы чакан чөйрөдө банктын жетекчилери, кардарлар жана журналисттердин катышуусунда өттү.

“Бакай Банктын” жаңы филиалынын ишмердиги кардарлар үчүн ыңгайлуу уюштурулган.

  • Кире беришинде пандус;
  • Заманбап интерьер;
  • Кеңсенин ичинде кардарларды тейлөө аймагынан сырткары VIP кардарлар үчүн сүйлөшүү бөлмөсү уюштурулган. Ал жерде жеке шарттарды талкууласа болот. Мисалы, 1000 доллардан ашык сумманы алмаштырууда пайдалуу шарттарды сүйлөшсө болот. Ал эми депозитер боюнча эгер, салымдын суммасы 50 000 доллар болсо жеке чен же эквивалентти талкууга алса болот.
  • Баалуулуктарды сактоо үчүн уячалар;
  • Жеке жана юридикалык жактар үчүн банктык кызматтардын бардык түрү:

эсептешүү эсебин ачуу;

валюта алмаштыруу;

акча которуу жана алуу;

кредиттерди төлөө;

акча каражатын чыгаруу;

карта ачуу;

  • 24/7 тартибиндеги иш.

Кардарлар филиал расмий ачылгыча эле келе башташты. Салтанаттуу аземден кийин кызматкерлер тарабынан биринчи кызмат көрсөтүлгөн кардар жаш бизнесмен Сыймык Султанов болду.

Ал юридикалык жак үчүн эсептешүү эсебин ачып, алгачкы кардар катары ага бардык кызматтар акысыз көрсөтүлдү.

“Төрт жылдан бери ушул банктын туруктуу кардарымын. Тейлөө жогорку деңгээлде. Бөлүп төлөө боюнча, кредиттердин пайыздык чендеринин төмөн болгондугун белгилеп кетейин. Банктын жетекчилиги ар дайым ыңгайлуу шарттарды сунуштап келишет”, - дейт ишкер Сыймык Султанов.

Дагы бир кардар 59 жаштагы пенсионер Алымбүбү Насаракунова “Бакай Банктын” Нарын облусунун Ат-Башы айылындагы филиалынын кардары.

Бишкекте балдарыныкына мейманга келген. Банктын жагымдуу саамалыгы туурасында угуп куттуктап кетти. Алымбүбү апа өз айылындагы бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатканына дээрлик 38 жыл болгон.

“Эмгек өргүүсүнө чыкканмын. Каражатымдан небереме “Балдар үчүн” депозитин ачтым. Негизи 5 жылдан бери “Бакай Банктын” кардарымын. Акча которуп, акча алып турам. Тейлөөсү абдан жагат, кызматкерлер сыйлап жакшы мамиле кылышат. Баары ыңгайлуу”, - дейт Алымбүбү Насаракунова.

Бардыгы кардарлардын ыңгайы үчүн жасалып жатат. Банктын жетекчилигинин бул багытта пландары чоң.

Марат Какеев, “Бакай Банктын” башкармасынын төрагасынын орун басары:

“Моссовет өлкөнүн ачыкталбаган финансылык борбору экени белгилүү. Биз дал ушул финансылык борбордун чок ортосунда өз филиалыбызды ачып жатабыз. “Бакай Банк” ар дайым өзүнүн кардарларын ойлоп, продуктуларыбыздын пайыздык чендери, шарттар боюнча ыңгайлуу шарттарды сунуштап келебиз”.

Марат Юсупов, “Бакай Банктын” башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары:

“Күнү-түнү иштей турган биринчи филиалдын ачылышы кардарларга каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы деңгээлге чыгышына старт болуп саналат. Туруктуу, жогорку сапатта жана албетте ишенимдүү кызматтар”.

«Бакай Банктын» акционери Сергей Ибрагимовдун уулу Тимур Ибрагимов банктын филиалдык түйүнүнүн кеңейип жатканы кардарлардын банкка болгон ишениминин жана суроо-талаптын артып жатканынан кабар берет. «Бакай Банктын» командасы туруктуу жана жаңы кардарларына банктык кызматтардын толук спектрин сунуштайт жана жаңы продуктуларды иштеп чыгууга аракет кылат деп кошумчалады Ибрагимов.

Моссовет филиалынын жетекчиси Болоткан уулу Туратбек кардарларды сутканын 24 саатында жана жуманын 7 күнү бою кабыл алууга даяр экенин айтып, тейлөө жарандарга жага турганын, бул үчүн бардык аракет көрүлөрүн кошумчалады.

Дареги: Абдрахманов көчөсү, 125 (Моссоветтеги “Мээрим” дүкөнүнүн жанында)

6111 (уюлдук телефондордон)

+996 554 006 111 (Whatsapp)

www.bakai.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан