Ош шаарында 70тен ашык коноктун катышуусунда өтүп жаткан кыз узатуу тою токтотулду

Ош шаарында 70тен ашык конок менен өтүп жаткан кыз узатуу тою токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

"Бизге Оштогу "Алтын-Ордо" ресторанында көп адамдын катышуусунда той өтүп жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Аны текшерүү үчүн атайын мэриянын алдында түзүлгөн топ менен барганыбызда, чындыгында эле 70тен ашык адамдын катышуусунда кыз узатуу жөрөлгөсү өтүп жаткан экен. Коноктордун басымдуу бөлүгү бет капсыз жүрүп, санитардык талаптар аткарылбагандыктан, биздин топ жеринде ал тойду токтотууну чечти. Ресторан ээсине 3000 сом өлчөмүндөгү айып салынып, имарат убактылуу, белгисиз мөөнөткө жабылды. Ал эми той ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык катышуучулар үйлөрүнө тарап кетишти. Мындай чара бир гана Ошто эмес, өлкө боюнча колдонулуп жаткан эреже болгондуктан, жарандардан түшүнүү менен кабыл алууну жана санитардык талаптарды аткарууну суранабыз", - дейт мэриянын басма сөз катчысы.

Маалым болгондой, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан ашык орундук ээленбесин деген талап коюлган. Санитардык нормаларды бузгандарга "бузуулар кодексинин" негизинде физикалык жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң өлчөмүндөгү айып салуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tilek121277
2020-06-18 10:55:52
Кыйраттынар мерия анан бар жоктон кысып эле келатасынар элдин кыжырын келтирип
-11
Shef87
2020-06-18 11:20:21
Ээ туугандар азилдешпегиле вирус чын эле каптап атыптыр
+13
Adil18
2020-06-18 11:48:16
Мэрия кызматкерлерине катуу тапшырма бергиле биринчи!
Ресторан ээси 50 адамды гана киргизуу жонундо суйлошуу жургузуу керек.Эгерде 50 адамдан бироо ашкан болсо дароо ресторанды жаап,тойду токтоту керек мэрия кызматкерлерин чакырып.
Бабанов откоргондо эмнеге токтотподунар?
Элге толук маалымат берсенер.
Ресторан иштеткен игкерлерге дагы талапты катуу койгула!
+9
Twin
2020-06-18 13:06:36
Карапайым калк откорсо токтото алышат экенго
+3
zari_kosh
2020-06-18 18:02:59
Уйундо эле 30 адам менен эле жасаш керек тойду. Жайылып эле журобуз го айылчылап тынбай кудай эле сактасын эми
+3
Nuri1988Elim2010
2020-06-18 22:21:03
Биздин айылда эки күндөн бери ЗАГС той болуп жататго, бүгүн да той
0
MAN-CITY
2020-06-19 11:09:23
Министрлер жуздой киши без маска чогулуп суротко тушушкондо эмнеге эч ким токтоткон жок?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан