Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын сайтында укук коргоо кызматкеринин сүрөтү жарыяланган. Анда кызматкердин медициналык бет кабы фотошоп аркылуу жасалганы байкалган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сүрөттө көрүнүп тургандай, күзгүгө чагылган кызматкер карыянын үйүндө бет капсыз жүргөн. Ал үйгө азык-түлүк жардамын алып келгени белгилүү болду. Интернет колдонуучулары анын бет кабы фотошоп менен жасалганын сынга алышкан жана фотошоп менен жасалган дагы ондогон сүрөттөрдү көрсөтүшкөн.
Кийинчерээк Ички иштер башкармалыгы бул сүрөттөрдү сайттан өчүрүп салган.