Сегиз мамлекеттин студенттери пандемия шартында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусун талкуулады

Кыргыз өлкөсүнүн студенттери Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Украина, Улуу Британия, Италия мамлекеттеринин студенттери менен биргелиикте "Баарыбыз инклюзия үчүн" аталышындагы II Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференциясын өткөрүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Конференция инклюзивдүү билим берүүнү уюштуруу көйгөйүнө арналган. Ага жалпысынан 182 студент катышкандыгы айтылат.

Инклюзивдүү билим берүү бул - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын башкалар менен кадимкидей аралашып билим алуусуна шарт түзүү.

"Онлайн конференцияда пандемия шартында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөөдө заманбап технологияларды, атайын педагогикалык ыкмаларды, жаңсоо тилин, нейропсихологияны колдонуу талкууланды. Мындан тышкары катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү инклюзивдүү билим берүүнүн абалы тууралуу айтып беришти. Инклюзия идеясында иштеген мектептердеги логопеддик, угуу жана коррекциялык жумуштардагы кетирилген теориялык жана практикалык кемчиликтер көрсөтүлдү.

Жыйындын соңунда уюштуруу комитети чакырылган эксперттер жана конференциянын катышуучулары менен биргеликте резолюция кабыл алды. Ал эми катышуучулардын докладдары сертификат менен белгиленди. Конференциянын жыйынтыгы менен атайын жыйнак чыгарылмай болду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан