Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясына байланыштуу абал кооптуу болуп жаткандыгын айтты. Акыркы бир сутка ичинде дүйнө жүзүндө 150 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталганын жана бул рекорддук көрсөткүч экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, вирус жаңы катталгандардын жарымынан көбү Түндүк жана Түштүк Америка, Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөсүнөн катталган. "Дүйнө коронавирустун коркунучтуу жаңы фазасында турат. Эл үйдө отуруудан тажады. Бир катар өлкөлөр карантиндик чараларды алып салып, экономикасын жандантууга киришти. Бирок вирус коркунучтуу бойдон калууда. Эң кооптуусу анын өтө тездик менен жайылып жатканы", - деген ал.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөрдү жана жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле социалдык аралыкты сактоо, зарыл болбосо көчөгө чыкпоону эскертет. Чүчкүрүп, жөтөлүүдө оозду жана мурунду жабуу, бет кап тагынуу, колду тез-тез самындап жууп туруу керектиги баса белгиленет.
Буга чейин Гебреисус вирус Америка, Африка жана Түштүк Азияда өтө тездик менен тарап жаткандыгын айткан. Бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8 миллион 639 миң 23 адамга жетти. Бул илдеттен улам жер жүзүндө 459 миң 437 адам көз жумду. Ал эми 4 миллион 233 миң 602 бейтап айыгып чыкты.