Cауд Арабиясы чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн ажылык сапарды токтотту

Cауд Арабиясы чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн ажылык сапарды токтотту. Сауд Арабиясынын бийлиги жыл сайын сыйынуу үчүн барган мусулмандарды ыйык делинген Мекке жана Медина шаарларына акыркы кырдаалга байланыштуу көп сандагы ажыларды киргизбей жатышат. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын умра жана ажылык иштери брюнча министрлик билдирген.

“Коронавирус пандемиясына байланыштууу көп элдердин топтолушу адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келет. Ошол себептен 2020-жылдагы сапар чектелүү гана улуттардын, тагыраагы учурда өлкөдө жүргөн ажылар менен гана болот. Ал эми биз адамдардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек”, - деп айтылат маалыматта.

Мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелинген Мекке аймагында коронавирус илдетинин көп катталгандыгына байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин эркин кыймылдын баары токтоп, чектөөлөр дагы деле алына элек. Араб өлкөлөрүнүн ичинен эң көп коронавирус катталган Сауд Арабиясы болуп эсептелет. Бул өлкөдө жалпы 161 миң 5 адамдан коронавирус аныкталган. 1 миң 307 адам каза болсо, 105 миң 175 бейтап айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
D.iamond
2020-06-23 11:15:09
Меккеге сыйынуу учун эмес зыярат учун деп жазсаныз турараак болот эле админ.
+4
elebes86
2020-06-23 13:18:15
Ашкере динге берилбеш керек. Эч пайда жок.
-8
bazar
2020-06-23 22:02:09
Антип чектебей эле миллиондогон адам барып Кудайдан суранса болбойт бекен а?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан