Орусияда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 600 миңден ашты

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 176 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 154 адам каза болсо, 12 миң 393 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 811;

Москва облусунда - 507;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 323;

Санкт-Петербург шаарында - 218 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 606 миң 881 адамдан коронавирус аныкталды. 8 миң 513 адам каза болсо, 368 миң 822 бейтап айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан