Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандар 9 миллион 405 миң 504кө жетти

Бүгүн, 25-июнга карата дүйнөнү каптаган коронавирус илдети жер жүзүндөгү 9 миллион 405 миң 504 адамга жукту.

Маалыматка ылайык, илдеттен 482 миң 105 адам көз жумду. 4 миллион 721 миң 557 бейтап ооруну жеңип чыкты.

Оору көп жайылган өлкөлөрдүн башында АКШ турат, анда инфекция жуктуруп алгандар 2 миллион 380 миң 452ге жетти. Андан кийинки катарда Бразилия - 1 миллион 188 миң 631, Орусия 606 миң 43, Индия - 456 миң 183, Улуу Британия 308 миң 336 бейтап менен турат.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан