Египетте күйөөсү коронавирус жуктуруп алган аялын балкондон ыргытып жиберген

Дүйнөгө кулачын кеңири жайган COVID-19 вирусу адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратуу менен үй-бүлөдөгү келишпестиктерди да жаратты. Египеттин борбор шаарынын тургуну коронавирус жуктуруп алган аялын балкондон ыргытып жиберген. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка таянсак, Египеттин борбор шаарындагы үйлөрдүн биринин 5-кабатынан күйөөсү аялын балкондон ыргытып жиберген. Анын бул жоругуна аялынын коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгы себеп болгон. Окуя болгон күнү күйөөсү аялынын үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылган, аялы баш тартып, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Ачууланган күйөөсү аны 5-кабаттын балконунан түртүп жиберген. Бактыга жараша, жабырлануучу аман калган. Бутунан катуу жаракат алган аялга операция жасалып, карантинге алынды. Ал эми күйөөсү камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан