Орусияга Өзбекстандан барган мигрант үй-бүлөнүн 7 айлык баласы мискейдеги сууга тумчугуп каза болуп калды

Орусиянын Санкт-Петербург облусундагы Ильино кыштагында 7 айлык бала мискейдеги сууга тумчугуп каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө таянып жазууда.

Ага ылайык, полицияга окуя тууралуу 24-июнда саат 19:00 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда айылдагы үйлөрдүн биринен мискейдеги суунун ичинен наристенин жансыз денеси табылганы айтылган. Мискейдин бийиктиги 30 сантиметрдей болгон.

"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, наристе сууга тумчугуп каза болгон. Бирок анын өлүмүнүн анык себеби экспертизадан кийин белгилүү болот. Баланын ата-энеси Өзбекстандан келген мигранттар, атасынын айтымында, ошол учурда ал сыртта эгин талаасында иштеп жаткан. Наристенин 23 жаштагы апасы үйдө бала менен отурган, бирок он мүнөткө башка жумуштарга алаксып калганда, бул кырсык орун алганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Баланын ата-энеси полиция бөлүмүнө жеткирилген, учурда убактылуу кармоочу жайда. Окуя боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazana
2020-06-26 23:03:28
Телефон балакетке алаксыганго апасы байкуш,дайв жаннаттан болсун наристенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан