Япониянын Ямато шаары көчөдө басып баратканда телефон колдонууга тыюу салган алгачкы шаар болот

Япониядагы Ямато шаары жарандарына көчөдө жана коомдук жайларда жүргөндө смартфон колдонууга тыюу салган алгачкы шаар болот. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, Ямато шаарында көчөдө басып баратканда телефон колдонууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам 1-июлдан тарта күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, жолдо басып баратып телефон колдонууга болбойт. Эгерде зарыл болсо, жолдун четине чыгып, башка адамдарга тоскоолдук жаратпай тургандай колдонуу керек болот.

Жергиликтүү бийлик мыйзамды жарандар түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимин билдирген.

"Жолдо баратып смартфонуна алаксып кеткен адамдын коопсуздугуна коркунуч жаралат. Ал жолдон чалынып, башка адамдарга жолтоо болуп, эң жаман учурда жол кырсыгына кабылышы мүмкүн. Ошондуктан жолдо баратып телефон кароого тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Бул жарандардын коопсуздугун көздөгөн чара. Мыйзамды аткарбаган жарандарга эскертүү жана түшүндүрүү чаралары колдонулат", - дешкен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан