+235. Анын 150сү Бишкек менен Чүйдө. Таласта соңку күндө коронавирус жуктуруп алгандар жок

Сутка ичинде дагы 235 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. Маалыматка ылайык, оору аныкталгандардын ичинен 107 адам Бишкекте.

Чүй облусу - 43;
Ош шаары - 33;
Ош облусу - 9;
Нарын облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 15;
Ысык-Көл облусу - 14;
Баткен облусу - 13.

Республика боюнча өлкөгө коронавирус келгенден бери 4 миң 748 адамга бул инфекция жукту.



Жаңы катталган 235 адамдын ичинен 5өө сырттан келген, калган 230у тастыкталган учурлар менен байланышта болгон.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 4 017, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 18 623 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Стационарда – 685, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 20, үй карантининде дарылангандар – 1774.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arman007
2020-06-28 10:27:33
500 ге жетип калдыбы ? кантип алдын алса болот бул вирустун же эмне кимдир бироолорго маанилуу бу кобойгону
0
talaa11
2020-06-28 10:40:06
План толтуруш керек болуп жатат ошон учун акыркы убакта коп коптон айтып жатат момунча адам жугузду деп анын баары жалган
-8
nnn.sss
2020-06-28 10:41:52
talaa11,план эмес, толтура адамдар ооруп атат чынында, канчалаган тааныштар ооруп атышат Бишкекте,менин тааныштарым ичинде именно ишенбегендер ооруп калышты,силерда ишенбей журо бергиле
+1
modem4999
2020-06-28 10:48:16
talaa11,сендей акылдуулар тойгузду
-1
erlanspb
2020-06-28 11:04:32
Откондо айткан елего июндун етегине чейин 4900 болот деп вот мына ертен 2 жуз бирдеме деп чыгат толот ошондо откондо 60 70 тен чыгып атканда айткан болчу
0
bazar
2020-06-28 11:30:28
erlanspb,бир нерсени алдын ала болжолдоп адамдар гана жыйынтык чыгарат. Ырас оорулуу адам менен байланышта болгон жактардын катарын санап болжолду санын чыгарса болот. Бул жүрүштө кетсе июльдун соңунда 30 000 ге жетиши мүмкүн. Бирок кудай сактасын андай цифрадан.
Малдар гана курсагы тойсо болду. Чөп жесе болду. Эртеңи менен иши жок
+1
Firdaus-Muslim
2020-06-28 16:04:21
Менин да эки досум ковид19 менен ооруп жатыптыр, Кыргыз элим сак болуңуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан