"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетинен 10 миллион 145 миң 947 адам жабыркап жатат

Бүгүн, 29-июнга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 145 миң 947 адамга жайылды. Тилекке каршы бул оорудан 501 миң 898 адам көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктуруп алган 5 миллион 140 миң 987 адам (28-июнда айыкандардын саны картада 5 миллион 483 миң 990 деп көрсөтүлгөн) аны жеңип чыкты.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда инфекция 2 миллион 548 миң 617 адамга илдетке чалдыккан. Бразилия 1 миллион 344 миң 143 адам менен экинчи орунда турат. Орусияда 633 миң 563 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Индияда 528 миң 859 адам бул илдет менен жабыркап жатат, ал эми Улуу Британияда 312 миң 640 адамдан илдеттин катталганы аныкталган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан