Ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти. Маалыматка ылайык, ырчы кант диабети менен күрөшүп келген. Айыккыс дарттан улам бүгүн, 30-июнда көз жумду.

Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен эле сахнага чыккан. Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1991-1992-жылдары алып баруучулук менен алектенген. Акын Кыялбек Урманбетовдун "Аманат" ырын ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Эң биринчи ыр жыйнагы "Сен билген жоксуң" аталышында 14 ырды камтып, 2014-жылы жарык көргөн.

SUPER.KG порталы Болот Тасмаевдин ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aika17
2020-06-30 17:28:57
Өнөр адамдарына көз тийгендей болду го.
Жаткан жериңиз жайлуу болсун.
+14
Patirot
2020-06-30 17:39:20
Күндө эле каза болдуу деген жан.к окууп калдыко Аллах өзүн сакта Вирис жок болуп кетсин
+8
Sakura715
2020-06-30 17:41:56
Ишениш кыйын ,кантип эле?Кандай эле жаңылыктар чыгып жатат өзү?

Атам жакшы көрчү ырларын,жаткан жери жайлуу болсун!


Кызык эле нерселер болуп жатат акыркы убактарда
+8
elmira.
2020-06-30 19:15:32
Жаткан жери жайлуу болсун...Аллахым бейишинен орун берсин...
+9
suban78
2020-06-30 19:55:36
Жаткан жери жайлуу болсун. Билип билбей кылган куноолорун кечирсин.
+7
muras111211
2020-06-30 20:16:27
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
Жакындарына сабыр.
+6
Arstan18.18
2020-06-30 21:12:32
Эх жапжаш кайталангыс аткаруучу ырчы акебиз. Жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабыр
+4
bazar
2020-06-30 21:24:29
Бул ырды биринчи Медер Кыдыршаев ырдап чыккан
-2
i1urp
2020-06-30 21:29:06
Тенирим жаткан жерин жай кылсын
-5
aslan_akjol89
2020-07-02 23:42:25
i1urp,Аллахым рахматына алсын!!!
0
take1984
2020-07-01 01:33:38
жаткан жери жайлуу болсун
0
take1984
2020-07-01 01:40:00
Аксыдан чыккан алп эле
Ырдаса ширин кант эле
Акынды алып куу ажал
Алып бир кеткен кун беле

Карабай кетип кыраандар
Кыргыздан чыккан чыгаандар
Элмирбек кеттип Зайыр Болоттун
Элин калды,эстен кантип чыгараар
+1
tynar92kg
2020-07-01 08:03:56
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан