Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы орточо оор деп бааланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кечээ кечинде ооруканага алып кетишиптир деген маалыматты өздүк булактардан уктук эле. Бүгүн УКМК расмий билдирүү таратып, Атамбаевди президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын ооруканага жаткырылды деп билдирүү таратышты.
Бүгүн биз депутаттар Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков болуп аталган ооруканага бардык. Бирок бизди киргизген жок. Анткени экс-президент "кызыл зонада" жатат деп түшүндүрүштү. Асел Кодуранова ошол оорукананын башкы дарыгери менен телефон аркылуу байланышты. Дарыгер Алмазбек Атамбаевдин абалы орто оор болуп жатканын жана ал "кызыл зонада" экенин айтты. Ал жакка киргендер 14 күн сөзсүз үй карантининде же болбосо ооруканага жатышы керек экен.
Ушул жерден бир суроо туулуп жатат. Алмазбек Атамбаевден коронавирус инфекциясы аныкталбаган болсо, эмне себептен аны ошол "кызыл зонага" жаткырышты? Демек, Алмазбек Атамбаевден коронавирус табылган", - деди Жолдубаева.