Жалал-Абад шаарында жума намазы эки апта окулбайт. Маалыматты Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында, мечиттерде жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулганы айтылат.
Буга чейин Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир катар олуттуу чектөөлөр киргизилип жатканы маалымдалган.