Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн Ардак грамота менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Айнура Акматова бүгүн, 3-июлда республикадагы эпидемиологиялык абал боюнча өткөн брифинг учурунда акыркы күндөрү интернетке тарап жаткан видеолор боюнча комментарий берип жатып, көзүнө жаш алган.
Буга чейин Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланганы маалымдалган. Коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүдөгү салымы үчүн жалпысынан 41 медицина кызматкерине ар кандай даражадагы сыйлыктар ыйгарылган. Алардын тизмесин шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот.