ЭЛДИК ВИДЕО: Оорукана катары пайдаланууга берилген мейманканага дароо 17 киши келди

Өлкөдө коронавирус, пневмония ооруларынын жайылышы күч алып, коркунучтуу жагдай жаралып турган чак. Бул арада мамлекеттик ооруканалар, андагы медкызматкерлер бейтаптарды кароого алы келбей бара жатканы ачык байкалды. Коомчулук колунан келген ишкерлерди бизнес объектилерин обсервация, оорукана катары пайдаланып туруу үчүн берүүгө чакырышкан. Бул чакырыктарды айрым ишкерлер четке какпай тойкана, мейманкана өңдүү имараттарын пандемия шартында жарамдуу кылууга макул экендиктерин билдиришкен.

Кечээ, 2-июлда Бишкек шаарындагы ишкер айымдардын бири менчик мейманканасын оорукана катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айткан болчу. Бүгүн ал мейманканага дарыланууга муктаж адамдар жана дарыгерлер келишкенин маалымдады.

Ишкер айым тартылган видеодо ал "Тез жардам" унаалары, дарыгерлер жана жардам көрсөтүү керек болуп жаткан 17 жаран келгенин, мейманкананы оорукана катары пайдаланууга өткөрүп берип жатканын айтат.

Бишкекте мейманкана оорукана катары пайдаланууга берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ona
2020-07-03 21:27:36
Мейманкана ээлерине чон ыраазычылык. Келген бейтаптар аман эсен айыгып чыгышсын. Ушундай элден чыккан активдуу жарандарыбызга жалпы эле ыраазычылык! Аз-маз болсо да умут отун жандырдынар!
+9
tular
2020-07-04 17:24:12
Бурул эже сизге Алла ыраазы болсун! Ден соолукта болуңуз!!!
Чимкириктерге жана чиновниктерге наалат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан