Бүгүн, 4-июлга карата пневмония илдети менен жабыркап (COVID-19 тастыкталбаган), стационарларда жаткан бейтаптардын саны 2 миң 122 болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын ичинен 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылар 496 адам.
Бир сутка ичинде пневмониядан каза болгондор - 31 киши. Жалпы каза болгондордун саны – 151 адам.
Пневмония диагнозу коюлган жарандардын жалпы саны 3009, алардын ичинен айыккандар – 736 адам.
Ал эми коронавирустан каза болгондордун саны 78ге жетти.