Бишкек шаарында 4 күндүзгү стационар борбору ачылып, оорунун жеңил жана орто оор түрү менен ооругандарга керектүү медициналык жардам берип жатышат. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Кайрылуулар боюнча:
Биринчи Май району (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу).
Байланыш телефону: 0 550 03-73-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 587 адам кайрылган, алардын ичинен:
Ленин району («Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси).
Байланыш телефону: 0 550 04-43-12
90 койка-орун даярдалып, жалпы 362 адам кайрылган. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Свердлов району (Р.Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси).
Байланыш телефону: 0 550 04-23-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 265 адам кайрылган, алардын ичинен:
Тилекке каршы, 2 адам каза болду.
Октябрь району (12-кичи районундагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты).
Байланыш телефону: 0 550 03-93-12
140 койка-орун даярдалып, жалпы 520 адам кайрылган, алардын ичинен:
Тилекке каршы, 1 адам каза болду.
Стационар борборлору саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштешет.