ИВЛ жана кычкылтек концентратору деген эмне?

Дүйнөнүн ар бир бурчуна коронавирус илдети өтө тездик менен жеткен учур. Мындан миллиондогон адамдар жабыр тартып, тилекке каршы жарым миллиондон ашык адам жаш-карысына карабай каза болууда. Бул өтө өкүнүчтүү жагдай.

Дарыланып жаткан бейтаптардын абалы дагы ар кандай, кээ бирлеринде жеңил өтсө, кай биринде өтө курч мүнөздө өтүүдө. Мындай жагдайда кошумча дем алдыруучу аппараттардын жардамына муктаждыктар көп жаралууда.

ИВЛ аппараты деген эмне?

Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) - өпкөдөгү канды кычкылтек менен каныктыруу жана өпкөдөн көмүр кычкыл газын алып салууда газ аралашмасын (кычкылтек жана кургатылган аба) мажбурлап жеткирүүчү медициналык жабдык.

Жасалма дем алдыруучу аппарат өпкө жетишерлик деңгээлде кычкылтек менен камсыз болбой калганда жана өпкөгө көмүр кычкыл газы топтолуп калган учурда керектелет. Мындай учурда ИВЛ аппараты дем алуу системинин функциясын аткарат.

Бул аппаратка туташтырылган бейтаптар өз алдынча сүйлөп, тамак иче албайт.

Өз убагында бейтапты жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу аман калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бейтап дем алууну токтоткон учурда дароо ИВЛ аппаратына кошпосо, анын ички органдары кычкылтек менен камсыз болбой калат. Мындан жүрөктүн согушу, кан берүү токтойт. Бир канча мүнөттө адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

Кычкылтек концентратору деген эмне?


Кычкылтек концентратору - бул дем алуу системинин жабыркоосу бар бейтаптар үчүн кычкылтек терапиясы жасалуучу аппарат. Мындай аппарат COVID-19 оорусунун өрчүгөн (өтүшүп кеткен) бейтаптар үчүн өтө зарыл.

Кычкылтек терапиясы бейтапка кычкылтек атмосфералык абага караганда көбүрөөк концентрацияда берилет. Ал кысылган кычкылтекке альтернатива катары колдонулат.

Кычкылтек концентратын ооруканада жана үй шартында дагы колдонууга болот. Анын жардамында өпкөнүн өнөкөт оорулары бар бейтаптарга узак убакытка кычкылтек терапиясы берилет.

Кычкылтек концентратору адамдар өз алдынча дем ала алган учурда колдонулат. Бирок бул жетишсиз, ошондуктан анын канында кычкылтек аз бойдон калат. Бул аппаратты тек гана өпкө ооруларында эмес, жүрөктүн кемтиги, артериалдык гипертонияда дагы колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rakyl12
2020-07-06 21:09:57
баасын да чыгарып койсонор жакшы болмок.
+6
Aimani
2020-07-06 22:52:29
Аа. Түшүнүктүү
0
Krai
2020-07-06 23:30:52
Урматтуу туугандар ушул пневмонияны текшерүү үчүн кандай кылыш керек. Рентгенге түшсө анализи чыгабы. Алдын ала кандай кылсак болот баасы канча турат диагностиканын билгендер айтып койгулачы сураныч акыркы күндөрү ушул пневмония оорусунан көп чочулап атабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан